Атамбаев Египет президентине деңизге кыйраган учакка байланыштуу көңүл айтты


Атамбаев Египет президентине деңизге кыйраган учакка байланыштуу көңүл айтты

Egyptair авиакомпаниясынын Парижден Каирди көздөй учкан MS804 каттамындагы учагы радардан жоголуп кеткен. Кийин ал Жер ортолук деңизге кулаганы аныкталган.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаев Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сисиге Жерортолук деңизде Egypt Air авиакомпаниясынын самолету кыйроого учурап, көптөгөн адамдар курман болгонудугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Атамбаевдин көңүл айтуу катында курман болгондордун туугандарына жана жакындарына, ошондой эле Египеттин калкына чын ниеттен көңүл айтары жазылган.

Белгилей кетсек, Egyptair авиакомпаниясынын Парижден Каирди көздөй учкан MS804 каттамындагы учагы радардан жоголуп кеткен. Кийин ал Жер ортолук деңизге кулап түшкөнү аныкталып, компания окуянын чоо-жайын тыкыр иликтей турганын билдирген. 

Translate »

WildWeb

Яндекс.Метрика
Top.Mail.Ru