Бортинженер: ажо менен өкмөт мүчөлөрүнүн абадагы коопсуздугу бизден көз каранды


Бортинженер: ажо менен өкмөт мүчөлөрүнүн абадагы коопсуздугу бизден көз каранды

«Учак» деген сөздү укканда биринчи кезекте учкучтарды, асман карлыгачтарына айланган стюардессаларды элестетебиз. Бирок учакты бортинженерсиз элестетүү кыйын. Алар эң ириде авариялык кырдаалдарды алдын алып, ысык-суукту жөнгө салып, учактагы элдин коопсуздугун камсыздайт.

Тажрыйбалуу бортинженер Үрүстөм Жусупбеков журналист Гүлдана Талантбековага жүк ташуучу ИЛ-76 учагынан тарта президентти, өкмөт мүчөлөрүн ташыган ТУ-154 учагына кантип иштеп калганын айтып берди.

— Алгач айтсаңыз, бортинженер деген эмне? Ал эмне кызмат аткарат?

— Бортинженер адистиги эски учактарда гана калган кызмат. Заманбап учактардын техникалык коопсуздугун компьютер эле башкарат. Биздин милдет — учактын техникалык жактарына жооп берип, мүчүлүштүктөрүн жоюу. Мен, маселен, ТУ-154 учагынын капталында, башкача айтканда, командирдин жанында отурам. Менин милдетиме техникалык каталарды текшерүү, ысык-суукту жөнгө салуу, электр системаларды байкаштырып, кыймылдаткычтар иштен чыкса командирге эскертип айтып турам. Менден маалымат алгандан кийин чечимди командир чыгарат. Бизде жалпысынан үч кыймылдаткыч бар. Анын баарын мен башкарам.

— Иш тажрыйбаңызда кайсы бир кыймылдаткычтар иштен чыгып, убара тарттырган учурлар болду беле?

— 1992-жылдары ИЛ-72 жүк ташуучу учагы менен Дубайга учуп баратканбыз. Орто жолдон эле моторлор чайпалгансый баштады, текшерсем гидро системанын иши нөл баскычына түшүп калыптыр. «Жолдош командир, биринчи гидро система иштен чыкты» десем «эмне, эмне дейсиң» деп чочуп кетти. «Эми эмне кылабыз?» дегенинен «мындай абал менен жүрүү коркунучтуу» десем, ал Ирандан Бишкекке кайталы деген тапшырмасын берди. Башка шаарлардан токтойлу десек биз издеген жабдыктардын болушу күмөн туудурду. Дагы жакшы, жүк ташуучу учак болгондуктан ичинде жүргүнчүлөр жок болчу.

©
Sputnik / Азамат ТотубаевҮрүстөм Жусупбеков: учак кырсыктарынын 80 пайызы учкучка байланыштуу. Анткени биз бардык нерсени алдын ала командирге доклад жасап айтып беребиз. Чечим чыгаруу — командир-учкучтардын колунда

— Авариялык кырдаалга туш болгон учурларыңыз болду беле?

— ТУ-134 менен Челябинскиге учуп баратканда кошумча командирди кабинага киргизип алдык. Ал аябай кишини өзүнө тартып сүйлөп божураган адам болчу. Эки командирдин ортосунда мен отургам. Анан менин капталымдагы вибрацияны башкарган пультту байкабай колу менен басып салыптыр. Бир убакта астындагы таблодо кыймылдаткычтар иштен чыкты деп кызыл күйдү. Бул окуя баарыбыздын эсибизди жакшы эле түшүрүп койду. Калыбына келтирдик. Мындайларды жалган кырдаал деп коебуз. Кудай сактасын, чоң аварияга деле туш болгон жокпуз. Эски учактарды оңдоп-түзөп койсо ыңгайлуу эле. Учак кырсыктарынын 80 пайызы учкучка байланыштуу. Анткени биз бардык нерсени алдын ала командирге доклад жасап айтып беребиз. Чечим чыгаруу — командир-учкучтардын колунда.

— Кээде аба ырайы дагы тоскоолдук жаратса керек?

— Аба-ырайы тууралуу командирлер алдын ала кабардар болушу шарт. Эгерде начар болуп турса тобокелчиликке барышпайт. Жакшы болсо кете беребиз.

Мындай бир окуя болгон. Дубайга сонун эле учуп баратканбыз. Негизи астыбызда келе жаткан учактан алысыраак барып конуш керек эле. Диспетчер текшерүүдөн ката кетиргенби билбейм, бирок биз кетип баратканда түтүндүн издери бар болчу. Бир маалда Боинг-747 күтүүсүздөн артыбыздан келе жатканын байкап калдык. Биз ылдыйлап, анан ал учакты үстүбүздөн өткөрүп жибергенбиз. 

Илгери Россияда «Боинг» учагына командир кабинага өзүнүн баласын отургузуп, штурвалды карматып коюптур. Баласы кокусунан авто пилотту өчүрүп салган. Мындайча айтканда, учак өзү эле жүрүп бараткан. Акырындап ылдыйлай берип, кийин алар кырсыкка учурап көп адам каза болду. Ошондон кийин экипажга ашыкча киши кирбесин деп катуу талап коюла баштаган.

— Азыр сиз кандай учакта учасыз?

— Өкмөттүн алдындагы советтик ТУ-154 учагында учам. Булар ремонттон жакшы өткөрүлгөн. Маал-маалы менен жердеги тажрыйбалуу техниктер текшерип турушат. Эки учкуч, эки бортинженер эмгектенебиз. Кыргызстандын номер биринчи учкучу Турар Исмаилов, атасы Таалай Исмаилов жана мен, бир өнөктөшүм менен бортинженербиз. Өлкө башчыны жана өкмөт мүчөлөрүн ташыйбыз.

©
Sputnik / Азамат ТотубаевҮрүстөм Жусупбеков: бизге окшогон бортинженерлер азыр сейрек. Жогоруда айтып кеткендей заманбап учактар автоматташтырылган. Бирок чет элдик авиакомпаниялардын маянасы менен салыштырып болбойт

— Авиакомпанияда иштегендердин маянасы жогору экендиги эч кимге деле сыр эмес. Сиздерге дагы жакшы төлөнсө керек?

— Жакшы, кудайга шүгүр. Бизге окшогон бортинженерлер азыр сейрек. Жогоруда айтып кеткендей заманбап учактар автоматташтырылган. Бирок чет элдик авиакомпаниялардын маянасы менен салыштырып болбойт.

— Кайсы өлкөлөрдө болдуңуз дегенден көрө, кайсы жактарда боло элексиз дегеним туура го?

— Көп мамлекеттерде болдум. Мындан Америкага, Австралияга, Японияга барбай калдым.

— Эң узак канча саат учкансыздар?

— Азыр Ошко 40 мүнөттө, Россияга төрт саатта жетип барса болот. Эң узагы ИЛ-76 учагы менен Бишкектен Суданга чейин он саатта барганбыз.

— Бортинженерликти эмне себептен тандап алдыңыз эле?

— Алгач пилот болоюн деп жүргөм. Ата-энем мугалим болгондуктан алты жашымда эле мектепке берип коюшуптур. Ал эми пилоттук окуу жайга 17 жаштан өйдө алышат экен. Жашым жетпей үйдөгүлөр авиациялык институттун техникалык жагына өтө бербейсиңби деген кеңеш беришкен. Эгемендик алган жылдары эл соода-сатыкка ыктап калганда Дубайга ИЛ-76 учагы менен барып жүк ташып жүрдүк. Ал учактарга элүү тонналык жүк батаар эле. Кийин ал учакты сатып жиберишти. Мен жеке менчик учактарда иштеп өкмөттүн учагына которулгам.

©
Sputnik / Азамат ТотубаевҮрүстөм Жусупбеков: аба майданындагы кесип өзүнө тартып турат. Учпай калсаң бир нерсени сагынгандай болосуң. Кайрадан асманга көтөрүлүп, өзүңдү булуттардын арасында сезгиң келет. Анан кайра учуп баратканда эртерээк консом экен дейсиң

— Жаңылышпасам азыр уулуңуз дагы бул тармакта эмгектенет, туурабы?

— Баламды кичинекей кезинде өзүм менен кошо ала жүрчүмүн. Катуу таасирленген окшойт. Окууну бүткөндө учкучтан башка кесипти аркалабайм деди. Буюрса азыр «Боинг» учагынын командири.

— Мындан 5 жыл мурун ЯК-42 учагында хоккей командасы Минскиге оюнга баратканда кырсыктап 44 киши каза таап, жалгыз гана бортинженер Александр Сизов тирүү калган. Ал киши өлүм алдында жатса дагы айыгаарым менен кесибимди улантам дептир. Мындан улам учакта иштөө, кесибиңер ушунчалык кызыкпы?

— Аба майданындагы кесип өзүнө тартып турат. Учпай калсаң бир нерсени сагынгандай болосуң. Кайрадан асманга көтөрүлүп, өзүңдү булуттардын арасында сезгиң келет. Анан кайра учуп баратканда эртерээк консом экен дейсиң (күлүп). Анткени жумуш бир чети абдан оор. Бийиктеген сайын дем алуу кыйын болот. Мотордогу жасалма аба менен дем алгандыктан, үйлөгөн шардын ичинде кетип бараткандай сезилет. Күндүз учуп баратканда радиацияга кабыласың. Ден соолук үчүн көп эле терс жактары бар. Ошон үчүн бизди пенсияга эрте жөнөтүшөт. Жаш өткөндө жүрөк начарлап баштайт. Маалы менен ден соолугуңду текшерип, терс жактарын байкап калышса жумуштан кетирип салышат.

— Учактын командири менен бортинженердин да мамилеси төп келиши керек турбайбы?

— Ал чоң ролду ойнойт. Мен техникалык жактан сунуштарды айтсам, командир аны уга билиши керек. Эки-үч саат абада жүрсөң эч нерсе билинбейт. Кээде төрт-беш айлап барган жериңде калып калганда стресс боло баштайсың. Өнөктөшүң тамашалап койсо деле кыжалат боло бересиң. Мындайда аялың, бала-чакаң жаныңда болсо жакшы.

Translate »

WildWeb

Яндекс.Метрика
Top.Mail.Ru