Канттагы учактар Жеңиш парадына катышуу үчүн Россияга учуп кетти


Канттагы учактар Жеңиш парадына катышуу үчүн Россияга учуп кетти

Учактар Уралдын баш калаасындагы парадга даярдыктарды көрөт.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Кыргызстандан Уралга учуп кеткен Су-25СМ үлгүсүндөгү россиялык учактар 9-майда Екатеринбургда болуучу парадга катышат. Бул тууралуу РФтин Борбордук аскер округу билдирди.

Маалыматка ылайык, Су-25СМ учактары Кант шаарында авиабазадан Россиянын Шагол аэродромуна учуп кетишти.

«Эртең Москва убактысы боюнча 08.30да учактар Уралдын борборунда боло турчу парадга даярдык көрүү иш-чараларына катышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул даярдыкка Ми-26 менен Ми-8 тик учактары, Су-24М, Миг-31БМ аскер учактары, Ан-26, Ан-12 менен Л-410 транспорт учактары катышат. 

Андан сырткары парадга 2,5 миңден ашык аскер, 100дөй аскер техникасы тартылууда.

Translate »

WildWeb

Яндекс.Метрика
Top.Mail.Ru