КРдин 13 авиакомпаниясы тең Евробиримдиктин жаңыланган «кара тизмесине» кирди


КРдин 13 авиакомпаниясы тең Евробиримдиктин жаңыланган «кара тизмесине» кирди

Кыргызстандагы бардык авиакомпаниялар 2006-жылдан тарта «кара тизмеге» кирген. Андан кантип чыгуу керектигин Жарандык авиация агенттигинен айтып беришти.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Европа комиссиясы «кара тизмеге» кирген авиакомпаниялардын жаңыланган тизмесин жарыялаганы комиссиянын расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайк, Европа мамлекеттерине учууга 216 компанияга тыюу салынган.

«Бул тизмеге Кыргызстанда катталган бардык 13 авиакомпания тең кирди», — деп айтылат комиссиянын сайтында.

Көпчүлүк компаниялар алардын ишмердигин мамлекет көзөмөлдөбөгөндүктөн улам тизмеге кирип калышканы айтылат. Негизинен Африка мамлекеттеринин авиакомпанияларына тыюу салынган. Ошондой эле Афганистан, Непал, Индонезия мамлекеттери бар. Казакстандын бир авиакомпаниясынан башкасынын барына чектөө коюлган.

КРдин Жарандык авиация агенттигинин директору Эрмек Өмүралиев Кыргызстандын авиакомпаниялары аталган тизмеге 2006-жылы эле түшкөнүн айтат. Бүгүнкү күнү Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) талаптарын аткаруу боюнча аракеттер көрүлүүдө.

«Бизге ИКАО эки төмөн баа берген. Анын бирөөсүн жакында аткардык, экинчисин жыл аягына чейин аяктайбыз», — дейт Өмүралиев.

Ал ошондой эле 2017-жылы ИКАОнун комиссиясы Кыргызстандын авиакомпанияларын «кара тизмеден» чыгаруусу үчүн башка иштер дагы жасалып жатканын кошумчалады.

Translate »

WildWeb

Яндекс.Метрика
Top.Mail.Ru