Кыргызстан эл аралык жарандык авиациянын кара тизмесинен чыгар-чыкпасы айтылды


Кыргызстан эл аралык жарандык авиациянын кара тизмесинен чыгар-чыкпасы айтылды

Учурда ICAO уюму менен чогуу план түзүлүп, аны аткаруу 90 пайызга ишке ашырылды.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстан эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) кара тизмесинен 2019-жылдын экинчи кварталында чыгып калышы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Депутаттар «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Ал экинчи окууга киргизилет.

Эл өкүлү Эмил Токтошев «Кыргыз авиациясы кара тизмеден качан чыгат?» деп суроо салды.

Акышев 2019-жылдын биринчи кварталынын аягында Кыргызстан эл аралык жарандык авиация уюмуна арыз жаза аларын жана алар экинчи кварталда карай турганын кошумчалады.

«2017-жылы ICAO уюму менен чогуу план түзүлүп, аны аткаруу учурда 90 пайызга ишке ашты. Буга чейин жайында эки инспектор келип иштеп кеткен, азыр дагы эки инспектор келип жардам берип жатат. Кара тизмеден чыгуу үчүн кийинки жылдын биринчи кварталынын аягында арыз бере алабыз, алар экинчи кварталда карашат», — деди ал.

Акышев ошондой эле депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 5-даражадагы ачык асман долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын кара тизмеден чыгуусуна жардамы тиерин белгиледи.

Эл өкүлдөрү 5-даражадагы ачык асман долбоорун ишке ашырууда жергиликтүү компаниялардын да кызыкчылыгын эске алуу керектигин билдиришти. Аны менен катар ички каттамдарды өнүктүрүп, билеттин баасын элдин капчыгына ылайыктап арзандатуу керектигин сунушташты.

Ошону менен бирге эле бул жаатта Грузия менен Армениянын тажрыйбасын эске алып, ошолордун жолу менен кетүү керектигин айтышты.

Депутат Акылбек Жапаров Грузияда ачык асман долбоорунун алкагында учурда Европа мамлекеттерине 40 доллар менен учуп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Кыргызстан эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) кара тизмесинен 2019-жылдын башында чыгат деп билдирген болчу.

Translate »

WildWeb

Яндекс.Метрика
Top.Mail.Ru