Мамлекеттин көзгө басар жалгыз авиакомпаниясы каттамдарын токтотту


Мамлекеттин көзгө басар жалгыз авиакомпаниясы каттамдарын токтотту

Өкмөт «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын 49 пайыз акциясын сатууну көздөгөнү менен инвестор табылбай келет

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик жалгыз авиакомпаниясы «Эйр Кыргызстан» каттамдарын убактылуу токтотту. Буга компаниянын колундагы учактын мотору бузулуп, оңдоого муктаж болуп калганы себеп экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган ишкананын башкы директору Жолдошбек Бектурганов билдирди.

«Биздин компаниянын эки учагы бар. Бири Boeing 737-300, аны европалык авиакомпанияга ижарага бергенбиз. Чынын айтканда, азыр андан түшкөн акча бизге чоң жардам болуп жатат. Ал эми өзүбүздөгү Boeing 737-500 учагынын канатына «Ош» жана «Манас» аэропотторунан чымчык кирип кеткен. Ошонун кедергиси тийип, моторду оңдотуш керек болуп жатат», — деди Бектурганов.

Анын айтымында, учурда моторду чет өлкөгө жиберип оңдотуу же жаңы сатып алуу варианттары каралууда. Учак ушул тапта Кыргызстанда.

Бектурганов кошумчалагандай, авиакомпания каттамдарын декабрь айында жандантууну көздөп жатат. Бирок учуунун датасы адистер бузулган моторду ачып, көйгөй канчалык орундуу экенин көргөндөн кийин гана билинет.

Эске салсак, «Эйр Кыргызстан» өзүн актабаган компания катары жарым-жартылай сатыкка коюлган ишканалардын катарында. Быйыл компаниянын 49 пайыздык үлүшү 188 миллион сомго бааланып, сатыкка коюларын Мамлекеттик мүлк фондусунан билдиришкен.

Бектурганов «Эйр Кыргызстандын» 49 пайыз акциясын Кытайдын «China Southern Airlines» авиакомпаниясы сатып алууну көздөп жатканын айткан.

Эгер Кытай авиакомпаниясы келип калса, «Эйр Кыргызстандын» авиапаркы 5-6 учакка толукталып, «Манас», «Ош» аэропортторунда хаб куруу мүмкүнчүлүгү түзүлмөк.

Компания жетекчилигинен чет өлкөлүк инвесторлордун кызыгуусу бар экени айтылганы менен жылыштар анчейин сезилбей келет.

Ал эми кечээ Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар кеңешинин жыйынында премьер-министр өлкөнүн жалгыз авиакомпаниясынын балансында бир гана учак бар экенин айтып, компанияны сынга алган.

Translate »

WildWeb

Яндекс.Метрика
Top.Mail.Ru