Якутияда 37 киши учуп бараткан учак жерине жетпей конууга аргасыз болду


Якутияда 37 киши учуп бараткан учак жерине жетпей конууга аргасыз болду

Буга чейин Россиянын күч түзүмүндөгү булактын билдиришинче учак жерге кулап, үчкө бөлүнүп кеткен. Бирок бул маалымат кийин төгүндөлгөн.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Якутияда Ил-18 учагы авариялык түрдө конгонун РИА Новости билдирди. 

Маалыматка ылайык, учактын ичинде 32 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү болгон.

«Учак Канск аэродромунан учуп чыгып, Тикси аэродромунан 30 чакырым алыстыкта жергиликтүү убакыт боюнча саат 4:45те авариялык конууга мажбур болгон», — деп айтылат маалыматта.

Тикси айылындагы ооруканага 23 киши жеткирилген. Үч киши өтө оор абалда жатса, 13 кишинин абалы орто экени айтылат.

Буга чейин Россиянын күч түзүмүндөгү булактын билдиришинче учак жерге кулап, үчкө бөлүнүп кеткен. Бирок бул маалымат кийин төгүндөлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча кырсык учуудагы катачылык жана оор аба шартынан улам болушу айтылууда.

Translate »

WildWeb

Яндекс.Метрика
Top.Mail.Ru